Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министри мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга адабият салынган рюкзакты белек кылды

Билим берүү министрлиги Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган акция өткөрдү

Билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата "Балдарга окуйбуз" акциясын баштады.

Акциянын максаты - балдар арасында көркөм адабиятты активдүү окууну жайылтуу жана колдоо, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана консолидациялоо.

23-апрелде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Азиздер жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барды.

 

Министрликтин башчысы интернаттын кызматкерлери менен сүйлөштү. Андан кийин интернаттын тарбиялануучулары - балдарга “Таттуу алма” жомогун окуп берип, балдарга балдар адабияты салынган рюкзак жана ноутбук белек кылды.

Бүгүнкү күндө интернатта республиканын бардык аймактарынан келген 222 окуучу билим алат. Алардын 123ү начар көрөт, Брайл шрифти менен окугандар, 99у азиздер.

Учурда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 93 пайызы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында билимин улантууда, алардын көпчүлүгүнүн артыкчылык диплому бар.

Белгилей кетүүчү нерсе, ушул иш-чаранын алкагында USAIDдин “Окуу Керемет!” Долбоорунун колдоосу менен. балдарга балдар адабияты жана 400дөй аталыштагы балдар адабияты салынган рюкзак берилет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх