Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ММА боюнча республиканын чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтөт

Жеңүүчүлөр 2021-жылдагы континенталдык жана дүйнө чемпионаттарында өлкө намысын коргойт

22 жана 23-майда Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк GAMMA ММА Ассоциациясынын колдоосу астында эрежесиз мушташ боюнча ММА боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Vesti.kg маалыматы КР ММА жана PF Федерациясынын басма сөз кызматы тарабынан тастыкталды.

Анын айтымында, аталган категориядагы чемпионат биринчи жолу өтөт.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү GAMMA курама командасына киргизилип, 2021-жылы өтө турган континенталдык чемпионатта жана дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргой тургандыгы белгиленди.

Турнир "Асанбай" маданий-көңүл ачуу комплексинде өтөт. Чакыруу менен гана киргизилет.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх