Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Шамбала" кыргыз тасмасы "Ника" сыйлыгына татыктуу болду

Сценарий Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган

Кыргызстандык режиссер Артык Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Ника кино сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.

Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелде Москва шаарында өттү. Андан тышкары, быйыл былтыркы жылдын жеңүүчүлөрү дагы сыйлыкты алышты, анткени 2020-жылы карантиндик чектөөлөрдөн улам салтанат болгон жок.

"Шамбала" тасмасы 2020-жылы тартылган, сценарийи Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде түзүлгөн.

Ал буга чейин Эл аралык Калькутта кинофестивалынан сыйлык алган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх