Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адамды кармады

Кармалган адам иш издеп коңшу өлкөгө кетип бара жаткан

25-апрелде УКМКнын ПКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жаранын кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Чек арачы нөөмөттө турганда Кыргызстандан Казакстанга кетип бара жаткан жаранды тапкан. Чек арачы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү токтотуп, эреже бузуучуну кармады.

Сурамжылоонун жүрүшүндө кармалган Кыргыз Республикасынын жараны, 1981-жылы туулган Ж.Т. Кармалган адамдын айтымында, ал Казакстанга жумуш издеп бара жаткан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
УКМК Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борбору

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх