Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 29-апрелге карата COVID-19дун 345 жаңы учуру катталды

Бир суткада вирус жуктуруп алган 6 жаран көз жумду

29-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 оорусунун 345 жаңы учуру катталды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

Анын ичинен Бишкек шаарында - 224, Ош шаарында - 5, Чүй облусунда - 77, Ош облусунда - 9, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 18, Жалал-Абад облусунда - 0, Баткен облусунда - 1.

Акыркы сутка ичинде республикада 265 бейтап айыгып кетти. Алардын ичинен Бишкек шаарында - 116, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 75, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 14, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 .

Бүгүнкү күндө республикада стационардык дарыланууда 1470 бейтап бар, 1964 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Өткөн суткада COVID-19дан 6 өлүм катталды.

Медицина кызматкерлеринин ичинен күнүнө COVID-19 жугуштуу 5 жаңы учур катталды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 23 624 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 661 жаран вакцинанын экинчи дозасын алууга жетишти.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх