Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасындагы милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Баткен аймагындагы кырдаал курч бойдон калууда

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн чечимине ылайык, үч айыл аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тажикстан менен чек арадагы кырдаал  чыңалуу менен карама-каршылыктуу бойдон калууда.

Эске салсак, 29-апрелде саат 05:45 чамасында Тажикстандын жарандары Баткен районунун Көк-Таш айылындагы аскер бөлүгүнө ок чыгарышкан. Мындан тышкары, өтүп бара жаткан унаалар таш менен урушкан.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында көзүнөн жаракат алган адам бар. Ушул фактылардын негизинде материалдар КЖБР каттоосуна алынып, 266-берене боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды жана Кылмыш-жаза кодексинин 39-130 (Бейбаштык жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси боюнча иш козголду.

Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх