Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

10-май жумушчу күн деп жарыяланган. Эс алуу күнү 30-августка жылдырылды

Белгиленгендей, август айында жарандар төрт күн катары менен эс алышат

9-май майрам күнү жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга жараша, дем алыш күнү майрам күндөн кийинки жумуш күнүнө которулат.

Бирок дем алыш жана жумушчу күн эсептелбеген майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10-май дем алыш күнүн башка күнгө – 30-августка которуу чечимин кабыл алды.

Тактап айтканда, 10-май (дүйшөмбү) иш күнү деп жарыяланды, ал эми августта Кыргыз Республикасынын жарандары 4 күн катар: 28, 29-август (ишемби жана жекшемби), 30-августта (дүйшөмбү) 10-майдын эсебинен жана 31-августта (шейшемби) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү эс алышат.

КРнын өкмөтүнүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх