Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиядан келген элчи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы болуп дайындалды

Бул кызматта Алексей Рогов Пьер фон Аркстын ордуна келди

Россиянын элчиси Алексей Рогов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган уюм Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Алексей Рогов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы болуп 2021-жылдын 29-мартында дайындалган. Ал БУУнун Женевадагы Адам укуктары боюнча комиссиясындагы россиялык делегациянын кеңешчиси, Нью-Йорктогу БУУдагы Россиянын өкүлчүлүгүнүн адам укуктары жана жарандык коом бөлүмүнүн башчысы жана Даниянын Копенгагендеги элчилигинин кеңешчиси болгон. Бишкекке дайындалганга чейин ал Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар департаментинин директорунун орун басары болгон.

Белгилей кетсек, бул кызматта Алексей Рогов Пьер фон Аркстын ордуна келген.

 

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх