Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ШКУнун эл аралык Ысык-Көл марафонунун жыйынтыгы

Турнирге 35 мамлекеттен 3000 спортчу катышкан

Ишемби күнү Чолпон-Ата шаарында марафон боюнча XXII Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровду эскерүү максатында IX Эл аралык Ысык-Көл ШКУ Марафону Run the Silk Road - Шанхай Кызматташтык Уюму болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чарага 35 мамлекеттен 3000 спортчу жана спорт күйөрмандары катышты. Марафондун жана жарым марафондун жалпы байге фонду аялдар жана эркектер арасында абсолюттук категорияда 1 миллион 44 миң сомду түздү.

ШКУнун IX Эл аралык Ысык-Көл марафонунун жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин тизмеси:

Аялдар арасында абсолюттук категорияда 42 км 195 м аралыкка чуркоо:

1-орун - Мария Коробицкая, Кыргызстан, жыйынтык - 2: 39.40, байге - 140 миң сом;

2-орун - Дарья Маслова, Кыргызстан, жыйынтык - 2: 44.52, байге - 100 миң сом;

3-орун - Гүлшанай Сатарова, Кыргызстан, жыйынтык - 2: 46.00, байге - 70 миң сом;

4-орун - Алена Пучкина, Россия, жыйынтык - 3: 41.39, байге - 50 миң сом;

5-орун - Айдай Алмаз кызы, Кыргызстан, жыйынтык - 3: 52.33, байге - 30 миң сом;

6-орун - Юлия Ли, Кыргызстан, жыйынтык - 3: 56.38, байге - 10 миң сом.

Эркектер арасында абсолюттук категорияда 42 км 195 м аралыкка чуркоо:

1-орун - Илья Тяпкин, Кыргызстан, жыйынтык - 2: 27.44, байге - 140 миң сом;

2-орун - Жоодарбек Көчкөнбаев, Кыргызстан, жыйынтык - 2: 29.50, байге - 100 миң сом;

3-орун - Шокиржон Мамейкулов, Тажикстан, жыйынтык - 2: 36.58, байге - 70 миң сом;

4-орун - Бахтиёр Уткиров, Тажикстан, жыйынтык - 2: 36.59, байге - 50 миң сом;

5-орун - Аман Момуналиев, Кыргызстан, жыйынтык - 2: 41.11, байге - 30 миң сом;

6-орун - Сүйүнбек Кубанов, Кыргызстан, жыйынтык - 2: 48.09, байге - 10 миң сом.

Аялдар арасында абсолюттук категорияда 21 км 97 м аралыкка чуркоо:

1-орун - Евгения Прокофиева, Украина, жыйынтык - 1: 14.51, байге - 50 миң сом;

2-орун - Сабина Талачева, Өзбекстан, жыйынтык - 1: 27.58, байге - 30 миң сом;

3-орун - Юлия Фурнас, Кыргызстан, жыйынтык - 1: 36.36, байге - 20 миң сом;

4-орун - Элиза Абдиева, Кыргызстан, жыйынтык - 1: 38,24, байге - 10 миң сом;

5-орун - Айпери Разакова, Кыргызстан, жыйынтык - 1: 43.34, байге - 7 миң сом;

6-орун - Виктория Шубина, Россия, жыйынтык - 1: 44.40, байге - 5 миң сом.

Эркектер арасында абсолюттук категорияда 21 км 97 м аралыкка чуркоо:

1-орун - Нурсултан Кеңешбеков, Кыргызстан, жыйынтык - 1: 06.31, байге - 50 миң сом;

2-орун - Бердигул Айтбай уулу, Кыргызстан, жыйынтык - 1: 11.09, байге - 30 миң сом;

3-орун - Хасанжан Акбаралиев, Тажикстан, жыйынтык - 1: 12.48, байге - 20 миң сом;

4-орун - Мехробжан Удинаев, Тажикстан, жыйынтык - 1: 14.27, байге - 10 миң сом;

5-орун - Гайрат Олимов, Тажикстан, жыйынтык - 1: 14.40, байге - 7 миң сом;

6-орун - Исламбек Махмедов, Кыргызстан, жыйынтык - 1: 15.03, байге - 5 миң сом.

Мындан тышкары, марафондун алкагында аялдар жана эркектер арасында 42 км 195 м, 21 км 97 м аралыкта жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында, ошондой эле аялдар жана эркектер арасында абсолюттук категорияда 10 км жеңүүчүлөр аныкталды. Алар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Маалым болгондой, иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Эл аралык марафон дирекциясы менен биргеликте өткөрдү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх