Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунда ФАПтын жаңы имараты курулуп жатат

Имарат заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз болот

Баткен районунун Суу-Башын айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылындагы ФАПтын жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

ФАПтын жаңы имараты стоматологиялык, гинекологиялык, жугуштуу оорулар, кардиология бөлмөлөрү жана жылытуу тутуму, ошондой эле заманбап медициналык шаймандар менен камсыздалат.

Жалпы сметалык баасы 2,8 миллион сомду түзгөн курулушту Ассанабил кайрымдуулук фонду каржылайт.

Белгилей кетсек, Кара-Токой айылындагы 1000ден ашуун адамды тейлеген ФАПтын имараты 1962-жылы курулган.

Кара-Токой айылы Өзбекстандын Сох районунун айылдары менен чектешет.

 


Баткен облусундагы министрлер кабинети

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх