Кыргызстанда 26-майга карата COVID-19 оорусунун 207 жаңы учуру катталды
Бир суткада 8 өлүм учуру катталды
26-майга карата республикада COVID-19 оорусунун 207 жаңы учуру катталды. Анын ичинен Бишкек шаарында - 102, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 40, Ош облусунда - 8, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 8, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 11, Баткен облусунда - 3.
Бардык мезгилде COVID-19 инфекциясынын 103207 учуру катталган
Акыркы сутка ичинде республикада 332 бейтап айыгып, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган COVID-19 диагнозу менен чыгарылды.
Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча стационардык дарыланууда 1596 бейтап бар, ал эми 2045 адам амбулатордук дарыланууда.
Өткөн суткада COVID-19дон 8 өлүм катталды.
Сүрөт Vesti.kg