Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен районундагы чек ара айылынын тургундары Садыр Жапаровдон аларды көчүрүп келүүнү суранууда (видео)

Алар кооптуу аймакта жашап, өздөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданып жатышат

Баткен облусунун чек ара айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кат жөнөтүп, аларды коопсуз жерге көчүрүп келүүнү суранышты. Бул тууралуу журналист Актилек Гүлжигит кызы социалдык тармакта билдирди.

"Биз, Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын тургундары, Садыр Нургожоевич өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыздап, ушул айылдан коопсуз жерге көчүрүп келүүнү суранабыз", - дешет тургундар. - Биздин айылда 50 үй-бүлө бар. Азыркы учурда, биз кооптуу аймакта жашап жатабыз жана балдарыбыздын коопсуздугу менен мектепке барып, жакшы билим алышын каалайбыз.

Тургундар кат президентке жөнөтүлгөнүн белгилешет.

фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх