Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кайгуул кызматкерлери балдарга балмуздак таратышты (сүрөт)

Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Балдарды коргоо күнүнө карата балдарга белектерин тапшырышты

Бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чүй облусунун бардык райондорунда Жол кайгуул кызматынын инспекторлору балдарды майрамы менен куттукташты.

 

Ошентип, иш-чаранын жүрүшүндө инспекторлор интернаттарда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарда, жетим балдарда болушуп, аларга ар кандай белектерди, керектүү буюмдарды тапшырышты жана, албетте, ушундай ысык күндө баардык балдарга балмуздак таратылды.

 

Андан кийин бардык балдарга, ошондой эле тарбиячыларга жана мугалимдерге чың ден-соолук, жакшы маанай жана бардык жакшылыктарды каалашты.

Чүй ОИИББинин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх