Кыргызстанда 2-июнга карата 358 жаңы COVID-19 учуру катталды
6 өлүм катталды
Кыргызстанда 2-июнга карата 358 жаңы COVID-19 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 163, Ош шаарында - 64, Чүй облусунда - 64, Ысык-Көл облусунда - 20, Ош облусунда - 19, Жалал-Абад облусунда - 18, Нарын облусунда - 3, Баткен облусунда - 5, Талас облусунда - 2 адам.
Бир сутка ичинде 302 кыргыз жараны айыгып кетти.
Стационардык дарылоо 1660 бейтапты түзөт, амбулатордук - 1782.
6 өлүм катталды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз