Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек троллейбустары иш убактысын узартышты

Дагы бир нече күн транспорт 05.40тан 23.00гө чейин иштейт

Экинчи күндөн бери Бишкек шаарынын тургундары жол акысын көтөрүүнү талап кылган айдоочулардын кезектеги иш таштоосунан улам кичи автобустар жүрө элек. Шаардык аялдамаларда адаттагыдан көп адамдар бар.

Ал арада борбор калаанын мэриясы Бишкек троллейбус башкармалыгы троллейбустун иштөө убактысын 23.00гө чейин узартканын билдирди.

Жакынкы күндөрү троллейбустар саат 05.40тан 23.00гө чейин төмөнкү каттамдарда жүрөт:

- №2 - эт комбинаты - "Аламүдүн-1" кичи району;

- № 4 - Эт комбинаты - Кожзавод;

- № 5 - "Тунгуч" кичи району - "Жал" кичи району;

- № 6 - 8-кичи район - Батыш автобекети;

- №7 - Ош базары - Тунгуч кичи району;

- №8 - Чыгыш автобекети - Айыл чарба институту;

- №9 - Айыл чарба институту - "Аламүдүн-1" кичи району;

- № 10 - Фрунзе атындагы завод - "Асанбай" кичи району;

- No 11 - Асанбай кичи району - Чыгыш автобекети;

- № 14 - "Жал" кичи району - Киркомстром;

- № 17 - Кожзавод - "Асанбай" кичи району.

Алдыда шаар тургундары үчүн линияда 140 троллейбус иштеди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх