Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең менен Бишкекте иш таштаган кичи автобустар менен сүйлөшүүлөр улантылды

Азырынча жыйынтык жок экендигин мэрия билдирди

Бүгүнкү күндө транспорттук блоктун адистери транспорттук компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Азырынча жыйынтык жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, адистер кырдаалды иликтеп, көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү жолдорун издеп жатышат.

- Сүйлөшүүлөр эртең менен жүрүп жатат, - деп белгилешти мэриядан. - Транспорттук блоктун адистери шаардын ар тарабында иштеп жатышат.

Эске сала кетсек, кечээ көптөгөн маршруттук таксилердин айдоочулары муниципалитет жол кирени көтөрүү маселесин чечмейинче онлайн режимине өтүүдөн баш тартышты. Бирок, мэрия бул маселени сентябрга жылдырууну чечти.Айдоочулардын иш таштоосу уланууда.

Бул аралыкта Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана акимиаттар, ошондой эле айрым милиция кызматкерлери шаардыктарды акысыз алып келишүүдө.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх