Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милициянын ардагерлери Баткендиктерге жардам катары дээрлик жарым миллион сом чогултушту

ИИОнун мурунку кызматкерлери акча алып келе башташты - айрымдары 500, айрымдары 1000 сомдон

Тажикстан менен болгон куралдуу кагылышууда биздин бир нече айылдарыбыз жабыркап, үйлөр, милициянын айылдык бөлүмчөлөрү, чек ара заставалары, май куйуучу жайлар талкаланып, малдарын айдап кетишкен. Жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Ондогон адамдар октон каза болгон. Бүт кыргызстандыктар биримдикте баткендиктерге кийим-кече, азык-түлүк иретинде жана акчалай жардам көрсөтүшкөн.
Анын ичинде милициянын ардагерлери дагы бар. ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев маалымдагандай, ага милициянын ардагерлери Баткен элине жардам катары беш жүз сомдон, миң сомдон өздөрү алып келе башташкан. Аймактардагы ардагерлер кеңештери жабырлануучуларга гуманитардык жардам катары акча каражатын чогултушкан. Алсак, Чүй облусунун милициянын ардагерлери-100 миң сом, Талас облусунун милициянын ардагерлери-55 миң сом, Жалал-Абад облусунун милициянын ардагерлери-85 миң сом, Нарын облусунун милициянын ардагерлери-35 миң сом, кылмыш иликтөөнүн ардагерлери-40 миң сом чогултушкан. Андан сырткары, Союз убагында иштеген Карантиндик кызматтын ардагерлери 10 миң сом чогултуп беришкен. Султан Жоошбаев милициянын ардагерлери жалпысынан 486 миң сом акча каражатын чогулткандыгын билдирди. Бул топтолгон каражаттар атайын эсепке салынды. Андан соң Баткен ШИИБдин эсебине которулат. Бул акча каражаттар чыр-чатактын жүрүшүндө талкаланган жана тонолгон милициянын айылдык бөлүмчөсүнө жабдыктарды жана эмеректерди алууга жумшалат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх