Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө

Бир стукада 647 бейтапка COVID-19 диагнозу коюлган

16-июнга карата республика боюнча күнүнө 647 коронавирустун жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

Анын ичинен Бишкек шаарында - 257, Ош шаарында - 118, Чүй облусунда - 73, Ош облусунда - 120, Талас облусунда - 6, Нарын облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 15, Жалал-Абад облусунда - 26, Баткен облусунда - 23.

Акыркы сутка ичинде республикада 308 бейтап айыгып, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 диагнозу менен чыгарылды.

Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча 2145 бейтап стационардык дарыланууда, ал эми 3320 адам амбулатордук дарыланышат.

Өткөн суткада COVID-19дон 7 өлүм катталды.

Медицина кызматкерлеринин арасынан күнүнө 49 жаңы COVID-19 учуру катталса, анын 1и кызыл зонада.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх