Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө райондук ИИБнын кызматкерлери ыкчам кызматкерлер менен биргеликте туристтерди жайгаштыруу жайларын көзөмөлгө алышат

ИИМ башчысы милиция жетекчилерине эс алуучуларга каршы кылмыштардын алдын алуу чараларын күчөтүүнү буйрук кылды

16-июнда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көл облусунун ички иштер органынын жетекчилик курамы менен жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу кеӊешмени өткөрдү.

Жумушчу кеӊешмеде башкармалыктын, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары маалымдашкандай, жайкы эс алуу мезгилинде укук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык күчтөр жана каражаттар тартылган. Курорттук эс алуу жайларынын техникалык чыңдалышынын абалдары жана видео байкоо камералары менен жабдылышы текшерилди. Бардык аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү маалыматтар мамлекеттик органдарга киргизилген.
Мурдагы туристтик мезгилдердин ишин талдоонун негизинде туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында облустук ички иштер органынын ыкчам-кызматтык ишмердүлүүгүнө кошумча толуктоолор киргизилген. Коронавирус пандемиясынын абалын эске алуу менен, милициянын иши саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмдин негизинде жүргүзүлмөкчү. Популярдуу курорттук зоналарда жана туристтик багыттарда кызмат кыла турган милициянын кайгуул-күзөт жана мобилдик топтордун каттамдары күчөтүлгөн. Милициянын аймакттык ыйгарым өкүлдөрү, ыкчам кызматкерлер менен биргеликте туристтер жана эс алуучулар жайгашкан туристтик объектилерди ар дайым мониторинг кылып турушмакчы.
Жумушчу кеӊешменин жүрүшүндө Улан Ниязбеков Ысык-Көл облусунун ички иштер органынын жетекчилерине эс алуучуларга жана туристтерге карата кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө жол эрежелеринин талаптарын аткаруу жана кол кырсыктарды болтурбоо боюнча иштерди күчөтүү милдеттерин тапшырды. Өздүк курам арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча күнүмдүк инструктаждарды өткөрүүнү талап кылды.
«Ар бир адам, мейли Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин жараны болсун, милиция кызматкерин көргөндө, өзүнүн коопсуздугун сезип, милиционерди өзүнүн коргоочусу катары көрүп, кандай гана шартта болбосун, андан жардам көрөрүүн сезип турушу керек. Тагылган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн, милиция кызматкери жарандардын, коомдун жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылып, кызматка толугу менен берилген, өз мамлекетинин патриоту болушу керек», - деди министр.
Жумушчу кеӊешменин акырында Улан Ниязбеков жайкы туристтик мезгилдин жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусунун ички иштер органынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү баа берилерин баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх