Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 18-июнга карата дагы 653 коронавирустун жаңы учурлары катталды

Бир суткада 4 өлүм учуру катталды

18-июнга карата республика боюнчабир суткада 653 жаңы COVID-19 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

Анын ичинен Бишкек шаарында - 269, Ош шаарында - 73, Чүй облусунда - 116, Ош облусунда - 74, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 0, Ысык-Көл облусунда - 15, Жалал-Абад облусунда - 69, Баткен облусунда - 32.

Акыркы сутка ичинде республикада 372 бейтап айыгып, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган COVID-19 диагнозу менен чыгарылды. Анын ичинен Бишкек шаарында - 215, Ош шаарында - 18, Чүй облусунда - 59, Ош облусунда - 25, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 8, Ысык-Көл облусунда - 14, Жалал-Абад облусунда - 18, Баткен облусунда - 14 .

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы республика боюнча 2206 бейтап стационардык дарыланууда, ал эми 3946 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Өткөн суткада COVID-19дон 4 өлүм катталды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх