Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

AstraZeneca вакцинасы июль айынын аягына чейин Түштүк Кореядан алынып келинет

РИБнын  директорунун айтымында, Индия өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу жеткирүүнү ишке ашыра алган жок

Түштүк Корея AstraZeneca вакцинасын жеткирип берет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди.

Анын айтымында, өткөн айда Индиядан вакциналардын келиши күтүлгөн.

- COVAXтын алкагында Түштүк Кореяда, Индияда жана Голландияда өндүрүлгөн AstraZeneca вакциналары сунушталды, - деди РИБдин директору. - Индиядан май айында жеткирүү күтүлүп жаткан. Бирок, Индиядагы эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кеткендиктен, алар жеткирүүнү аткара алышкан жок, ошондуктан өндүрүүчүнү алмаштырууну суранышты. Түштүк Корея менен жаңы келишим түздүк. Анда COVAX вакцинасы КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө июль айынын аягында сатыкка чыгаары айтылган.

Гүлбара Ишенаписова AstraZeneca вакцинасынын 250 миң дозасын жеткирүү күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх