Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада коомдук транспортто дезинфекция күчөтүлдү (сүрөт)

Белгиленгендей, айдоочулар күн сайын  медициналык кароодон өтүп турушат

Бишкектеги коомдук транспорттордо дезинфекция күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, борбор калаанын санитардык-эпидемиологиялык абалынын начарлашына байланыштуу муниципалитет коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн профилактикалык иш-чараларды күчөттү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун колдоосу менен шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын кызматкерлери кичи автобустарды, автобустарды жана троллейбустарды дезинфекциялоону улантууда.

Автобустар менен троллейбустар күн сайын ар бир барган жеринде кылдат тазаланып, дезинфекцияланып турары белгиленди. Тормоздор, отургуч туткалары, руль, панелдер жана кире бериш эшиктер 1% хлорамин эритмеси менен иштетилет.

Айдоочулар күн сайын кылдат медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Температурасы жана сасык тумоо белгилери менен тесттен өтпөгөндөр кезекке турушпайт.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх