Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Баткендиктер сугат суусун алышты". Облустук администрация кырдаал турукташканын белгиледи

Кечээ эл жолду тосуп, бийликтен кургакчылык көйгөйүн чечип берүүнү талап кылышты

Кечээ, 24-июнда Баткен облусунда адамдар Кадамжай-Баткен-Исфана жолун тосушту. Митингчилер бийликтен сугат суусунун жетишсиздигин чечүүнү талап кылышты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Vesti.kg сайтына билдиргендей, учурда жаңжал жөнгө салынды.

"Тургундар 20 мүнөттөй митингге чыгышты, андан кийин район акими аларга чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү", - деп билдиришти обладминистрациядан. - Суу бериле баштады.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда сугат суусу тартыш. Суунун тартыштыгынан эң көп Чүй облусу жабыркайт. Көйгөйдүн чечилишин талап кылып, дыйкандар өкмөт үйүнө бир нече жолу нааразычылыгын билдиришти. Дыйкандар эгиндери кооптуу деп жатышат.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх