Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте азыр жөө адамдар өтүүчү айрым жерлер жарыктандырылды (сүрөт)

Кошумча жарык берүү объектинин көрүнүү деңгээлин жакшыртып, айдоочулардын көңүлүнүн топтолушун жогорулатат

"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы жөө адамдар өтүүчү жолдорго жаңы жарык орнотту.

Иллюминаторлор кесилиштерди жана жөө адамдар өтүүчү жолду жарыктандыруу боюнча тутумдуу иштерди баштады.

Эми кечинде Махатма Ганди жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жана А.Масалиев менен Д.Садырбев көчөлөрүнүн кесилишинде, жолду кесип өткөн жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн, эки тараптуу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белги жарык менен жана кошумча алты жарык берүүчү лампалар орнотулган.

Кошумча жарык берүү объектинин көрүнүү деңгээлин жакшыртып, айдоочулардын көңүлүнүн топтолушун жогорулатат.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы түшүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.

 

 


Бишкек шаардык мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх