Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктайт

Москвадагы ӨКМ кызматкерлери ыраазычылык каттарына жана ардак грамоталарына ээ болушту

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев борбор калаанын куткаруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкеринин күнүн майрамдоонун урматына, ак ниет жана жемиштүү иштегендиги үчүн, борбор калаанын мэриясынын ыраазычылык каты менен төмөнкүлөрдү кубаттоо чечими кабыл алынды:

- Абдыразаков Азим Капарбекович - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча административдик-экономикалык бөлүмүнүн башчысы;

- Кабыкеева Жылдыз Кудайбергеновна - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча жарандык коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси;

- лейтенант Анарбекова Айзат Анарбековна - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча укуктук камсыздоо бөлүмүнүн тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;

- прапорщик Идрисова Альбина Асылбековна - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу аткаруучусу;

- улук лейтенант Байгазиева Салтанат Байгазиевна - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ленин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн кызматкери;

- улук лейтенант Төлөгөнов Эркин Төлөгөнович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи май району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрткө каршы күрөшүү жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери;

- улук сержант Мамышев Жаныбек Рахымбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь районундагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №7 өрт-куткаруу бөлүмүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу;

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

- Кабулов Азамат Каныбекович - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча каржылык эсеп секторунун башкы адиси;

- капитан Турусбеков Рысбек Кылычбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь районундагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн No5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн кароолдун башчысы;

- Капитан Курмушеев Азамат Момбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи Май районундагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн No4 өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы;

- майор Абдыкадырова Толкунай Данилбековна - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча өрт өчүрүү, алдын алуу жана куткаруу иштери бөлүмүнүн кызматкери;

- майор Осмоналиев Рустам Жанчаханович - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн нөөмөтчүсү;

- подполковник Жумуков Чыңгыз Ташынович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Свердлов районунун өрт өчүрүү, алдын алуу жана куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы;

- Сагынбаев Тимур Чоюнбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь районундагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси;

- улук лейтенант Саткеев Самат Тоялыевич - No6 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ленин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери;

- Үркүнчиева Чынара Жоошбековна - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башкы адиси.

Борбор калаанын мэриясы куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалайт.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх