Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кызды уурдагандыгы үчүн жаза ала качууга теңелет

Жаңы Кылмыш кодексинде мындай учурларда тараптардын элдешүүсү алынып салынган

Жаңы Кылмыш кодексине ылайык, ала качуу жана никеге туруу максатында ала качуу жазасы бирдей болот. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүт Конкубаева бүгүн, 29-июнда ЖКнын адистештирилген комитетинин отурумунда билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева кыздарды үйлөнүү максатында уурдагандарды кандай жаза күтүп жатканына кызыкты.

Конкубаева ала качуу жана кыз ала качуу бирдей болоорун белгиледи.

"Буга чейин адамды уурдоо үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, ал эми никеге туруу максатында ала качуу үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин жаза каралган", - деди ал. - Ушул эки берене бойдон калууда. Жаңы Кылмыш кодексине ылайык, үй-бүлө куруу максатында ала качуу үчүн жаза бирдей болот. Бул беренелер оор кылмыштар катарына киргизилген жана бул иш боюнча тараптардын элдешүүсү алынып салынган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх