Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы мутацияланган штаммдар Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын санынын көбөйүшүнүн себептеринин бири

Көрсөткүчтөрдүн өсүшү лабораториялык диагностиканын жеткиликтүүлүгү, ошондой эле калктын социалдык жоопкерчилигинин төмөндүгү менен байланыштуу

30-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун 1965 учуру аныкталды, анын 1490у Бишкекте (76%).

Адистер оорунун көбөйүшүн төмөнкүлөр менен байланыштырышат:

1. Жаңы мутацияланган штаммдардын пайда болушу (Түштүк Африка, Британия, Орус).

2. Адамдардын ар кандай чектөөлөрдөн "чарчоосу" жана натыйжада, алдын-алуу чараларын толугу менен сактабоо (беткап кийүү, кол гигиенасын жана физикалык аралыкты сактоо).

3. Калктын өзүнө жана башкаларга болгон социалдык жоопкерчилиги төмөн;

Бирок көрсөткүчтөрдүн өсүшү лабораториялык диагностиканын жеткиликтүүлүгү менен байланыштуу, ошону менен эрте аныктоо жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында жүргүзүү.

Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда 1965 учурдун ичинен 1852 учур же 94% лабораториялык тастыкталган, ал эми 113 учур клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган.

Салыштыруу үчүн: өткөн жылдын июль айында лабораториялык анализ менен оорунун 20-30% гана тастыкталды, калгандары клиникалык-эпидемиологиялык байланыштын негизинде.

Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозун ПТР менен аныктоо боюнча лабораториянын кубаттуулугу жогорулатылды. Ошентип, өткөн жылдын июль айында 16 ПЦР аппараты иштеп жаткан болсо, быйыл 30у иштеп жатат.Былтыр күнүнө 1-2 миңге жакын изилдөөлөр жүргүзүлүп, жеке лабораторияларда 2,5 миң сомго жакын баалар болгон. Күнүнө 8 миң изилдөөлөр иштелип чыгат жана жеке лабораториялардагы баалар 1,47 эсеге төмөндөтүлгөн.

Башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу Ковид-19 ооруларынын көрсөткүчтөрүнүн жогорулашы лабораториялык анализдердин көбөйүшүнө байланыштуу, бул оор клиникалык учурлар менен катар оорунун жеңил түрүн аныктоого мүмкүндүк берет, алар менен өткөн адамдар лабораторияларга же клиникаларга барышпаса керек.

Бирок белгилей кетүүчү нерсе, оорулардын статистикасы өсүп жатат, ошондуктан биз баардыгын физикалык аралык боюнча сунуштарды аткарууга, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого, ден-соолугу начарлап кетсе, адистерге кайрылууга чакырабыз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх