Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордон 100 орун бөлүп берет

Өзбекстан өзүнүн жогорку окуу жайларында кыргыз жарандары үчүн 100 квота орун бөлүп берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Министрликтин маалыматы боюнча, мындай макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарында жетишилген. Бакалавриат жана магистратура программалары үчүн орундар каралган.

Маалым болгондой, сынакка катышуу үчүн талапкерлер онлайн платформасында каттоодон өтүшү керек ("Конкурстар" бөлүмү - "2021-2022 окуу жылына карата Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу"), формаларын толтуруп, бардык талап кылынган документтерди 15-июлда 23.59га чейин жүктөө.

Өз убагында онлайн тутумуна катталып, бардык керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлер болжол менен 2021-жылдын 17-19-июль күндөрү боло турган алдын-ала тандоого катыша алышат.

0 (312) 62-15-19 телефону аркылуу сурап-билүү күн сайын саат 15.00дөн 17.00гө чейин иштейт.

 

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх