Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бишкек - ​​Балыкчы - Бишкек" поезди 19-июлдан 31-августка чейин күн сайын жүрөт

Чоңдор үчүн жол кире 69 сом, балдар үчүн 34 сом

"НК" Кыргыз Темир Жолу "мамлекеттик ишканасы 19-июлдан 31-августка чейин, Бишкек - ​​Балыкчы- Бишкек багыты боюнча жүргүнчү ташуучу №608/609 поезди күн сайын каттай тургандыгын билдирет.

Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин поезддин курамы - 5 вагон, жумадан жекшембиге чейин - 9 вагон.

Поезд Бишкек-1 станциясынан таңкы саат 7де жөнөйт, Рыбачье станциясына 11 саат 59 мүнөттө келет. Кайтып келүү ошол эле күнү Рыбачье станциясынан 17 саат 15 мүнөттө чыгып, Бишкек-1 станциясына 22 саат 03 мүнөттө келет. Жергиликтүү убакыт.

Чоңдор үчүн жол кире 69 сомду, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 34 сомду, ал эми 5 жашка чейинки балдар акысыз экендигин (1 чоң кишиге 1 баладан эсептелген) эсиңиздерге салабыз.

Билеттерди кете турган күнү темир жол станциясынын кассасынан же поезддин өзүнөн сатып алса болот.

Ооруга каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө маска кийип гана саякаттоого уруксат берилет.

"Кыргыз темир жолу" НК "мамлекеттик ишканасы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх