2021-жылы дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан Россиядан алдыда
Ошол эле учурда биздин өлкө 67-орунда турат. Финляндия алдыда
Адамдардын бактылуулук индексине ылайык дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингин БУУнун эксперттери The World Happiness Report аттуу жаңы докладында сунуш кылышкан.
Рейтинг түзүүдө төмөнкү көрсөткүчтөр эске алынган:
киши башына ИДП деңгээли,
жашоо узактыгы,
жумуш коопсуздугу, коррупциянын деңгээли,
жарандык эркиндиктин болушу,
үй-бүлөлүк туруктуулук,
коопсуздук сезими жана келечекке ишеним.
Алдыңкы бештикти Финляндия, Дания, Швейцария, Исландия жана Нидерландия башкарат.
Кыргызстан 67-орунду ээледи. Биздин коңшулар: Өзбекстан - 42-орун, Казакстан - 45-орун, Россия - 76-орун, Тажикстан - 78-орун, Кытай - 84-орун.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз