Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы бир катар колледждер социалдык тармактарда илгерилетүү механизмдери боюнча билим алышты

Билим берүү кызматкерлери абитуриенттердин жана жумуш берүүчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн колледждердин веб-сайттары жана социалдык тармактары кандай болушу керектигин билишти

Орто кесиптик билим берүү системасы үчүн аймактык Алдыңкы тажрыйба борборлору базасында түзүлүп жаткан долбоордун сегиз пилоттук колледжи социалдык тармактарда илгерилетүү жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө ыкмаларына окутулду.

8 Алдыңкы тажрыйба борбору КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында студенттерди компетенттүүлүктүн негизинде окутуунун жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун аймактык модели катары түзүлүүдө. АТБ жаңы “Ишкердиктин негиздери” предмети аркылуу финансылык сабаттуулукка окутат, иш берүүчүлөр менен социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү аркылуу ишке орношууга жардам берет, майып жаштарды окутуу үчүн шарттарды түзөт.
Колледждерди Алдыңкы тажрыйба борборлоруна трансформациялоонун маанилүү бөлүгү болуп социалдык маркетингдин технологиялары саналат, аларга окутуу онлайн уюштурулган.
Колледждердин директорлору жана кызматкерлери абитуриенттердин жана иш берүүчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн колледждердин сайттары жана социалдык баракчалары кандай болушу керек экенин билишти.
Катышуучулар маалыматтык мейкиндикте өзүнүн окуу жайларын илгерилетүү, билим берүүчү кызматтарды көрсөтүү рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн ММКлар үчүн пресс-релиздерди жана социалдык медиа үчүн постторду жазуу боюнча өздөрүнүн күчтөрүн сынап көрүштү.
Эми пилоттук колледждердин алдында - SMM жана PR иши аркылуу абитуриенттердин ишенимине ээ болуу милдети турат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх