Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир катар ташылып келинген тоют азыктары КНСтен бошотулду

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду

 

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, айыл чарба малдарын багуучу чарба жүргүзүүчү субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Атап айтканда, салык алынуучу жеткирүүлөр жана салык алынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы 2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейин: тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү, брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак жана ушул сыяктуу гранулдашкан же гранулдашпаган тоют азыктары, жүгөрү, арпа, сулу үчүн белгиленген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан 31-августка чейин ушул сыяктуу салык жеңилдиги кумшекерге, өсүмдүк майына, ал эми 1-июлдан 31-декабрга чейин айыл чарбадагы малдарга, анын ичинде жылкы, ири мүйүздүү мал, чочко, кой-эчки жана канаттуулар үчүн киргизилген.

КНСтин алынып салынышы бодо малды ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтөт, ошондой эле жер аянтын кеңейтүүгө, бордоп семиртүүчү жайлардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө, этти кайра иштетүү тармагы үчүн тоют жана чийки зат менен камсыз кылуу боюнча тапшырыктарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх