Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айтматов мемориалындагы тундук өз ордуна кайтарылды

Президенттин администрациясы түндүктү кайтарып берүүнү талап кылды

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүндөгү тундук өз ордуна кайтарылды. Бул тууралуу теле алып баруучу Ассоль Молдокматова Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, жазуучунун уулу Аскар Айтматов аны менен кошо Ата-Бейит мемориалдык комплексине барган.

Буга чейин теле алып баруучу Айтматовдун мүрзөсүндө тундук жоголгонун жазган.

Ошол эле учурда Маданият министрлиги аны калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгын жана аны жогору жакка орнотууну көздөп жаткандыктарын, анткени "анын жер деңгээлинде жайгашуусу жаман жышаан" экендигин билдирди. Андан кийин Аскар Айтматов түндүктү ошол эле жерден - "Ата-Бейиттен" таап, бөлүм калп айтып жатат деди.

Кийинчерээк түндүктүн орду калыбына келтирилген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх