Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык эки балбан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды

Турнир Будапешт шаарында өттү (Венгрия)

Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар эки алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, Нуристан Сүйеркулов 51 килограммга чейинки салмакта жигиттер арасында биринчи орунду ээледи. Финалда кыргызстандык Украинанын спортчусу Юрий Товт менен мушташып, 3: 1 эсебинде жеңишке жетти. Ошондой эле, Раззак Бейшекеев кадеттер арасында 60 кг салмакта дүйнө чемпиону аталды. Алтын үчүн күрөштө ал Ирандын спортчусу менен күч сынашып, натыйжада 4: 1 эсебинде жеңишке жетти. Турнир Будапешт шаарында (Венгрия) өткөнү белгиленди.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх