Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муниципалдык автобустун айдоочусу экинчи топтогу майыптан жол кире талап кылган

Шаардык тургун бул тууралуу Камчыбек Ташиевге кайрылды

Экинчи топтогу майыптыгы бар бишкектик жаран  11 коомдук автобустун айдоочусу андан унаа жеке менчик деп, акча талап кылгандыгын билдирди. Бишкек шаарынын тургуну бул тууралуу социалдык тармак аркылуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Бүгүн мен муниципалдык унаа катары билген  11- автобуска түшүп,экинчи майыптык күбөлүгүмдү көрсөттүм. Айдоочу "автобус жеке менчик,  баары төлөйт" деди, - деп жазган ал. - Мен төлөгөнгө деле капа болгон жокмун, бирок мэрия жеке компания аркылуу алып келген автобустардын коомдук болот деп алдап жатканына ичим ачышты. Данияр Үсөнов дагы өз кезегинде кондиционерлери бар кооз автобустарды сатып алып, учурдагы мэрге окшоп убада берип коюп кийин жеке компанияга өткөрүп берип салган эле. Ошол бойдон автобустар жок болуп кеткен. Азыркы муниципалитет дагы кейпи ушундай эле кылган атат окшойт да.

Бишкек шаарынын тургуну мэрия жеке компания аркылуу сатып алат кичинекей автобустарды сатып алууда деген ойдо. "Кыязы, жеке компания аркылуу алар чакан автобустарды сатып алып, аларды маршруттук таксилерге алмаштырууну каалашууда, ошол эле учурда пенсионерлер менен майыптардын акысыз жүрүүсүн унчукпай жоюп, ири автобустарды акырындан унуттурууга аракет кылышат", - деп божомолдогон ал - Мэриядагы азаматтар, бул эмне кылганыңар? Же коркуу дегенди таптакыр жоготтуңарбы? Эмне үчүн шаардыктарды уялбай алдап атасынар? Сүрөттө автобустун номери жана эч нерседен коркпой ээлерине акча чогултуп жаткан айдоочунун жүзүн көрүүгө болот. Мен расмий түрдө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ушул шектүү келишимди текшерип, биздин мамлекетте эмне болуп жаткандыгын иликтөөсүн өтүнөм. Чын эле бандиттик өлкө болуп баратабызбы?

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх