Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалды

Азамат Сагындык уулу кафенин ээсинен пара алган деп шектелүүдө

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. Алардын айтымында, муниципалитеттин башчысынын орун басары мэриянын кызматкерине пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Белгиленгендей, буга чейин алынган 6000 доллар өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери пара менен кармалган. Кармалгандар борбордун ушул тармакты тейлеген вице-мэри менен сүйлөшүп алып, кафенин ээсинен Түгөлбай Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбооруна оңдолуп жаткан жолдун боюнда жайгашкан соода объектинин сакталышын камсыз кылуу максатында өзгөртүү киргизүү үчүн 9000 доллар өлчөмүндө пара алышканы аныкталган. Тергөө учурунда кармалгандар кылмышка Бишкек шаарынын вице-мэринин тиешеси бар экендиги боюнча маалымат беришкен. 24-июлда жетиштүү далилдердин болгондугуна байланыштуу Азамат Сагындык уулу кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардыгын аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.

Канышай Балкыбекова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх