Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Жириновский: Орусияга иштегени келген мигранттарды биринчи кезекте Сибирге жөнөтүү керек

Жириновскийдин пикиринде мындай жол менен улут аралык жаңжалдардан арылууга болот

РФнын Либералдык-демократиялык партиянын башчысы Владимир Жириновский Орусияга иштөө үчүн келген мигранттарды биринчи кезекте Ыраакы Түндүк, Ыраакы Чыгыш же Сибирге жөнөтүү керек деди. Бул тууралуу орусиялык MK.RU басылмасы билдирет. Анын айтымында, ушундай жол менен улуттар аралык жаңжалдан алыс болууга болот.

Жириновский ошондой эле орус адам Сибирге барбайт деп эсептейт, анткени  ал жакта душ жок жана дааратканалар көчөдө. Ал эми, көчөлөрдө уруштарды уюштурган мигранттар бул шартта ыңгайлуу вариант.

Ошондой эле, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Россияда мигранттардын таптакыр жок болушун каалаарын дагы белгилеген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх