Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте маршруттук каттамдардын жол киреси 15 сомго жогорулайт

Вице-мэр европалык автобустарды сатып алуу пландалып жаткандыгын белгиледи

Бүгүн, 26-июлда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети Европа Өнүктүрүү Банкы менен макулдашуунун долбоорун жактырды. Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков ЕРӨБ 33 миллион евро бөлүүнү пландап жаткандыгын белгиледи. Анын ичинен 25 миллиону 12 жылга насыя болсо, 8 миллиону грант катары бөлүнөт.

Вице-мэр Максат Садыкулов автобустарды сатып алуу пландалып жаткандыгын билдирди. "Европадан 250дөн 350гө чейин автобус сатып алуу пландалууда", - деди ал. - Автобустар газ менен иштейт. Бензинден бөлүнүп чыккан газдын көлөмү көп болбойт. Ошондой эле коомдук транспортто тарифтерди көтөрүү маселеси каралат. Автобус жана троллейбустарда жол кирени 11 сомго чейин, маршруттук таксилерде 15 сомго чейин көтөрүү боюнча шаардык кеңешке сунуш киргизилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх