Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бизнес акыйкатчы жер тилкесин алдырып жиберген ишкерге жардам берди

Робин Орд-Смит сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Бишкек шаарынын мэриясын соттун чечими менен жер тилкесин алдырган ишкерге көп кабаттуу үй куруу үчүн башка жер тилкесин берүүгө ынандырган

2020-жылдын октябрь айында SkyLand Service LLC жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смитке Бишкек шаарынын мэриясыны жер участогун бөлүп берүү боюнча соттун чечиминин аткарбай жаткандыгы боюнча арыз менен кайрылган. 2012-жылы ишкер көп кабаттуу турак жайды куруу үчүн борбор шаардан жер тилкесин сатып алган. Бирок, ал долбоорун ишке ашыра алган эмес, анткени ошол эле жылы ал сатып алган жер тилкесинин жанында жашаган жашоочулар сотко кайрылып, жердин мурунку менчик ээсине жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө муниципалитеттин чечимдерин жараксыз деп табууну суранышкан. Бул маселе боюнча соттук териштирүүлөр беш жылга созулуп, 2017-жылдын сентябрь айында Жогорку Сот акыркы чечимди чыгарган, ага ылайык, ижарачылардын талаптары толугу менен канааттандырылган. Ошентип, жерди кийин сатып алган kyLand Service LLC жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы жер тилкесине болгон укугун жоготкон. Зыянынын ордун толтуруу максатында ишкер мэрияга кайрылып, бирок маселени чече алган эмес. 

Ал келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча административдик талап менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылган. 2019-жылдын октябрь айында райондор аралык сот административдик талапты канааттандырып, муниципалитеттен альтернативдик жер участогун бөлүп берүүнү  милдеттендирген. Бул чечим жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө киргендигине карабастан, арыз ээси альтернативдик участок алган эмес, ага байланыштуу ишкер бизнес-акыйкатчыга арыз менен кайрылган.

Келип түшкөн материалдарды талдоонун негизинде бизнес-омбудсмен ишкердик субъектинин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган деген тыянакка келген. Маселени чечүү үчүн бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрү мэриянын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Аны менен конструктивдүү кызматташуунун натыйжасында, 2021-жылдын май айында муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссия арыз ээсине аянты 600 чарчы метрди түзгөн жерди берүүнү чечкен. Бизнес Акыйкатчы муниципалитеттеги кесиптештерине жана өнөктөштөрүнө ишкерлердин укуктарын коргоодогу кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ишкерлерге жана бизнес өкүлдөрүнө www.boi.kg веб-сайты аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттер болгон учурда бизнес-акыйкатчыга арыз менен кайрылуу укугун эскертет. 

Бизнес акыйкатчы институту

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх