Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына учуп кетти
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча эркек балбандар Токиого учкан
Бүгүн, 28-июлда үч кыздан турган Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча курама командасы Токиого Олимпиада оюндарына жөнөп кетти. Оюндарга спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова жолдомо алышты. Айсулуу Тыныбекова 3-августта, Айпери Медет кызы 1-августта, Мээрим Жуманазарова 2-августта күрөшүшөт.
Эске салсак, буга чейин Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча эркек балбандар учуп кеткен.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз