Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков көз жумду

 Үсөн Сыдыков Курманбек Бакиевдин тушунда президенттин кеңешчиси болгон

79 жаш курагында мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков көз жумду. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал узак оорудан кийин каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-июлда саат 10.00дө Опера жана Балет театрынын жанындагы аянтта өтөрү маалымдалды.

Үсөн Сыдыков Ош облусунун Хиля айылында туулган. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын мүчөсү болгон. 2005-2006 - Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын башчысы.

2006-2008-жылдары президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматын аркалаган. Кийин 2010-жылы Сыдыков өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык көтөрүлүштөрдү уюштурган деген айып менен камакка алынып, шаррттуу түрдө кесилген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх