Кадыр Маликов Дин башкармалыгындагы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды (сүрөт)
Муфтийдин орун басары ден-соолугуна байланыштуу кызматына кетүүнү чечкен
Кыргыз Республикасынын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармакка жарыялаган. "Жакында мен муфтияттан кетип, күч-аракетимди руханий-агартуучулук жана илимий-окутуучулук иш-аракеттерге жумшоону чечтим", - деп жазган Маликов.
Отставка тууралуу катта Маликов ден-соолугуна байланыштуу кетүүнү чечкендиги көрсөтүлгөн.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз