Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан Кыргызстанга 25 миң доза QazVac вакцинасын тапшырды

Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин катышуусунда өттү

Бүгүн,  Казакстандан Кыргызстанга 25 миң дозада Казакстандын активдешпеген QazVac вакцинасы түрүндө гуманитардык жардам тапшырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевдин катышуусунда өттү.

Маалымдама

QazVac Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук проблемаларын илимий изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан жана 2021-жылдын башынан бери казакстандыктарды Россия жана Кытай адистери иштеп чыккан дары-дармектер менен катар эмдөө үчүн кеңири колдонулуп келе жатат. Клиникалык сыноолор жана аны Казакстанда кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуздугун жана коронавирустук инфекциянын жана анын оор формаларынын алдын алууда анын жогорку натыйжалуулугун (90 пайыздан жогору) көрсөттү. QazVac эмдөөсү 18 жаштан жогорку курактагы адамдарга сунушталат жана булчуңга эки этапта жүргүзүлөт. Алардын ортосундагы сунушталган аралык 21 күн.

{jcomments off}

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх