Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми борбор калаадагы муниципалдык транспорт Visa картасы аркылуу жол киресин кабыл ала баштайт

Инновация бардык муниципалдык транспортто пилоттук режимде иштейт

Бишкектин коомдук автобус жана троллейбустарында пилоттук режимде карта аркылуу байланышсыз төлөө функциясы иштей баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

- Жол киресин төлөө үчүн жүргүнчүлөр валидаторго Visa банк картасын тиркөөсү жетиштүү, - деп түшүндүрүшөт муниципалитетте. - Азыр инновация бардык муниципалдык транспортто пилоттук режимде иштеп жатат. Транспортто орнотулган терминалдарда Кыргызстандын бардык банктарынан контактсыз Visa карталары кабыл алынаары белгиленди.

Мэрия шаардыктардан өнөктөштөрү - BPC KG тарабынан иштелип чыккан инновацияны сынап көрүүнү суранат.

Сын-пикирлерди муниципалитеттин социалдык тармактарындагы баракчаларына жазыңыз: https://www.facebook.com/tulparcardkg/ https://instagram.com/tulpar_card.kg?utm_medium=copy_link https://twitter.com/cardkg?s=11

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх