Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Дагы бир жолу суранам: эмдөөдөн өтүңүздөр". Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Президент COVID-19 менен ооруган бир бейтапты 14 күн бою дарылоого 1000 долларга жакын каражат сарпталаарын белгиледи

Президент Садыр Жапаров Телеграм каналындагы расмий баракчасында кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүнү суранды.

- Урматтуу кыргызстандыктар! Дагы бир жолу коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүңүздөрдү өтүнөм, деди мамлекет башчы өзүнүн кайрылуусунда.

- Жакында ооруканаларга түшкөн COVID-19 оорулууларынын дээрлик бардыгы эмдөөдөн өтпөгөндөр. Ансыз деле оорчулукка туш болгон өлкөбүздүн бюджети оор түйшүктү көтөрүп жатат. Ал белгилегендей, жакынкы аралыкта өлкө вакциналардын кошумча партиясын алат. "Жакынкы аралыкта Кыргызстанга 20 миллион долларлык вакциналардын кошумча партиясы келет", - деди Жапаров. «Мындан тышкары, 14 күндүн ичинде бир бейтапты дарылоо үчүн болжол менен миң доллар талап кылынат. Эгер вакцина албасаңыздар, өзүңүзгө, жакындарыңызга жана бүтүндөй өлкөгө зыян келтиресиздер. Андыктар, урматтуу кыргызстандыктар, чоң өтүнүч - эмдөөдөн өтүңүздөр!

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх