2-август: 897адам COVID-19 менен пневмонияга чалдыкты
Илдет тогуз кишинин өмүрүн алды
Акыркы суткада 897 адамдан COVID-19 жана пневмония катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 619;
Ош - 9;
Чүй облусу - 66;
Ош облусу - 6;
Талас облусу - 8;
Нарын облусу - 14;
Ысык -Көл облусу - 54;
Жалал -Абад облусу - 66;
Баткен облусу - 55.
Бардык мезгил үчүн - 164 743 адам.
Ал арада илдеттен тогуз адам көз жумганы белгилүү болду: бешөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда жана бирөө Ошто. Акыркы 24 саат ичинде он бир медициналык кызматкер инфекцияга кабылды.
Ооруканаларда 3779, амбулатордук дарылоодо 9,913 адам бар. Өз кезегинде, 1316 адам COVID-19дан айыгып чыкты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз