Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токио Олимпиадасы: балбан Акжол Махмудов жарым финалга өттү

Беттеш 9: 1 эсебинде аяктады

Грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жарым финал үчүн күрөштө Акжол азербайжандык балбан Рафик Гусейнов менен күч сынашып,   Махмудов 9 упай катары менен ала алган.

Маалым болгондой, жарым финалда Махмудов Армениядан келген Карапет Чалян менен беттешет.

Өз кезегинде Мээрим Жуманазарова экинчи беттешинде нигериялык Блессинг Оборудуга 1 упай айырма менен утулуп, 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Ал эми  Айпери Медет кызы россиялык спортчу Наталья Воробьева менен 12: 0 эсебинде кармашып, бирок жарым финалда беш жолку дүйнө чемпиону америкалык Аделин Мария Грейге утулуп калган. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча 17:55те Түркиялык Ясемин Адар менен ал коло медал үчүн күрөшөрү белгилүү.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх