Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунда AstraZeneca вакцинасынан кийин терс таасирин тийгизген учурлар аныкталды

Аскер кызматчыларынын температурасы төмөндөп, баштары катуу ооруган

Эмдөөдөн кийинки жагымсыз таасирлерге катуу көзөмөл системасынын киргизилиши Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларында 2021-жылдын 5-августунда COVID-19га каршы алган AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин терс таасирлерди аныктоого  мүмкүндүк берди.

Жалпысынан Жалал-Абад облусуна 4000 доза вакцина таркатылган, анын ичинен 211 адам эмдөөдөн өткөн. Белгилүү болгондой, бул аскер бөлүгүндө эмделген 90 пациенттин ичинен AstraZeneca ABX 3117 вакцинасын алган төрт аскерде терс таасирлер катталган. Тагыраагы, аларда  39 градустан жогору гипертермия, катуу баш оору кездешкен. Ал эми 40 аскер кызматчысынын субфебрилдик температурасы болгон. Кошумча байкоо үчүн, вакцинаны алган 44 аскер кызматкери медициналык кызматкерлердин көзөмөлүнө алынды.

Учурда бардык бейтаптардын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жана жооптуу адистер аталган жерге жөнөп кетишти.

«Бул окуялардын айрымдары же бардыгы вакцина же башка кокустук факторлордон улам болгонун билбейбиз. Биз адамдардын тынчсыздануусун түшүнөбүз жана кароо аяктагандан кийин бул тема боюнча толук маалыматты бөлүшүүнү улантабыз. Саламаттык сактоо министрлиги вакциналардын коопсуздугуна мониторингди күчөтүү боюнча чараларды көрдү. Вакциналардын бул сериясын колдонуу бул терс таасирлердин себеп-натыйжа байланыштары түзүлгөнгө чейин убактылуу токтотулду »,-деп билдиришти министрликтен.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх