Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Таалайбек Сарыбашовдун социалдык тармактарда расмий баракчалары жок

Муниципалитет ишенимдүү булактарга гана ишенүүнү суранат

Инстаграм социалдык тармагында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун баракчасы пайда болду.

Бишкек мэриясы бул аккаунт фейк экенин, Таалайбек Сарыбашовдун социалдык тармактарда расмий баракчасы жок экенин билдирди.

«Биз сизден ишенимдүү маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мэрдин жана шаардык кызматтардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык жаңылыктар муниципалитеттин расмий сайтында: https://www.meria.kg жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларда жарыяланган », - дешти мэрияда.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх