Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 1 миңден ашуун адам COVID-19 айыгып чыкты

Илдеттен төрт киши көз жумду

Бишкекте 6-августка карата 1041 адам COVID-19дан айыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, коронавирус жана пневмония инфекциясынын жаңы учурларынын саны 345ти түздү.

Алардын ичинен 266сы - шаардык каттоосу менен: Ленин району - 103, Биринчи Май - 51, Октябрь - 66, Свердловский - 46.Каттосу башка аймактардагылардан - 79.

345 адамдын 319унда симптомдор байкалып, 26сы симптомсуз.

275 бейтап амбулатордук, 70 стационардык дарыланууда.

Төрт киши каза болду.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх